Кабыл алынган убакыт 04.09.2024, Түзөтүлгөн 31.10.2024, Кабыл алынган 28.11.2024
Макалада трансформациялык санариптик экономиканын шарттарында финансылык агымдарды эсепке алуунун жана аналитикалык башкаруунун ролу, орду жана мааниси каралат. Экономиканы санариптик трансформациялоо шартында каржы агымдары динамикалуу жана татаал болуп баратат. Инвестиция, каржылоо жана тобокелдиктерди тескөө чөйрөсүндө негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналган финансылык агымдардын бухгалтердик эсебине жана аналитикалык башкаруусуна артыкчылык берилет. Бухгалтердик эсептин жана аналитикалык процесстердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана ишкананын финансылык ишмердигинин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан заманбап маалыматтык технологияларга өзгөчө көңүл бурулат
финансылык агымдар; санариптик трансформация; санариптик экономика; маалыматтык технологиялар; санариптештирүү; финансылык процесстер