Кабыл алынган убакыт 02.08.2024, Түзөтүлгөн 21.10.2024, Кабыл алынган 28.11.2024
Макалада өлкөнүн түштүк аймагында азык-түлүк коопсуздугуна учурдагы коркунучтары жана аларды экономикалык коопсуздук тутумунда чечүү мүмкүнчүлүгү каралат жана алар: азык-түлүк коопсуздугу, аймактык азык-түлүк рыногу, айыл чарба өндүрүшү, өндүрүштүн натыйжалуулугу. Региондун экономикасынын абалы, бул анын азык-түлүк көз карандысыздыгын жана калктын тамак-аш азыктарына жетүүсүн камсыз кылуу жолдору. Ошондой эле суроо талабы жогору азык-түлүктөр жетишсиздиги боюнча 2022-2023-жылдарга карата салыштыруу көрсөтүлөт. Азык-түлүк менен камсыз кылуу проблемаларын чечүүнүн жолдору сунушталып каралат. Теориялык изилдөөлөрдү ишке ашырууда өлкөнүн калкынын азык-түлүк коопсуздугу проблемасын чечүүнүн негизги жолдору жана импортту алмаштырууну активдүү колдонуу менен ата-мекендик өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү үчүн агроөнөр жай секторун стимулдаштыруу жана долбоорлор менен иш алып барышы каралат
азык-түлүк коопсуздугу; аймактык азык-тулук базары; айыл чарба өндүрүш; экономикалык жана улуттук коопсуздук мамлекеттик; өндүрүштүн эффективдүүлүгү