Кабыл алынган убакыт 02.09.2024, Түзөтүлгөн 29.10.2024, Кабыл алынган 28.11.2024
Макалада Кыргыз Республикасындагы билим берүү (окуу) миграциясынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү каралат. Өзгөчө экономикалык жана демографиялык коопсуздук контекстинде билим берүүчү мигранттарды тартуудан келип чыккан көйгөйлөр, ошондой эле өлкөдөгү билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн ачылган перспективалар аныкталган. Чет өлкөлүк студенттерди тартуу боюнча кээ бир чет мамлекеттердин саясаты каралат. Мамлекеттин экономикалык өсүшүнүн фактору катары улуттук билим берүү системасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү, билим берүү кызматтарынын дүйнөлүк рыногунда Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча жыйынтык чыгарылды
билим берүү миграциясы; улуттук кызыкчылыктар; мамлекеттик миграция саясаты; миграция саясаты; чет элдик студенттер