Кабыл алынган убакыт 16.07.2024, Түзөтүлгөн 16.10.2024, Кабыл алынган 28.11.2024
Акыркы жылдары Кыргызстанда санариптик технологиялар улуттук экономиканын бардык тармактарына, анын ичинде өлкөнүн айыл чарбасына активдүү киргизилип жатат, бул айыл чарба секторунун өндүрүмдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бирок бул процесс мыйзамдарды комплекстүү талдоону жана адаптациялоону талап кылган олуттуу укуктук көйгөйлөрдү да алып келет. Бул иш Кыргызстандын айыл чарбасын санариптештирүү менен байланышкан укуктук жөнгө салуу көйгөйлөрүн изилдөөгө багытталган. Талдоолордун жүрүшүндѳ тыкыр көңүл бурууну талап кылган негизги аспектилер аныкталды: жеке маалыматтарды коргоо, системалардагы каталар жана мүчүлүштүктөр үчүн жоопкерчилик, интеллектуалдык менчик маселелери, ошондой эле санариптик технологияларды колдонуу менен алынган продукциянын сапат стандарттарын сактоо. Жаңы нормаларды жана эрежелерди иштеп чыгуу айыл чарба рыногунун катышуучуларынын укуктарын коргоону, тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну жана тез өзгөрүп жаткан технологиялык ландшафтта анын туруктуулугун камсыздоону бекемдѳѳгѳ аракет жасай алат
санариптик экономика; санариптик кодекс; укуктук жөнгө салуу; санариптик укук; санариптик ресурс; санариптик коом; Кыргыз Республикасы