Кабыл алынган убакыт 01.01.2024, Түзөтүлгөн 11.04.2024, Кабыл алынган 07.06.2024
Макалада уюмдун жалпы стратегиясын түзүүдөгү каржылык стратегиянын ролу жана мааниси каралып, ишкананын финансылык стратегиясынын принциптери жана факторлору аныкталган. Финансылык стратегиялык башкаруунун маанилүүлүгүн жана уюштуруучулук мүнөздөмөлөрүн ачып көрсөтүүнүн, ошондой эле ишканалардын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн комплекстүү эсепке алуунун жана тышкы жана ички факторлордун мүнөзүнө объективдүү баа берүүнүн негизинде финансылык стратегия ишкананын каржылык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн рыноктогу шарттарга ылайык камсыз кылат. Финансылык башкаруунун стратегиясы финансылык ишмердиктин узак мөөнөттүү максаттарын аныктоону жана аларга жетүүнүн эң натыйжалуу жолдорун тандоону камтыйт
стратегиялык башкаруу; каржылык менеджменти; каржылык стратегиясы; башкаруу системасы; пландаштыруу; экономикалык туруктуулук