Кабыл алынган убакыт 13.02.2024, Түзөтүлгөн 06.05.2024, Кабыл алынган 07.06.2024
Макалада Кыргызстандын суу ресурстарын пайдалануудагы экономикалык көйгөйлөрдүн заманбап аспектилери талкууланат. Суу ресурстарынын абалы жана анын айыл чарба жерлерин сугарууга тийгизген таасири талдоого алынып, өлкөнүн ирригациялык тармактарынын талаптагыдай эмес абалынан келип чыккан себептерден улам сугат иштеринде келип чыккан көйгөйлөр да козголду. Аналитикалык корутундулардын негизинде айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу ресурстарын пайдаланууну жакшыртуунун зарыл методдору, ошондой эле жаңы сугат тармактарын ишке киргизүүнүн жана иштеп жаткан сугат тармактарын реструктуризациялоонун жолдору сунушталган. Мындан тышкары, сууну сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле финансылык ресурстарды издөө жана бөлүштүрүү жолу менен сугат үчүн арналган суу ресурстарын пайдалануу көйгөйлөрүн чечүүнүн айрым жолдору каралат. Мындан тышкары сууну пайдаланууну жакшыртуу үчүн элге билим берүү, эл аралык тажрыйбаны колдонуу, тамчылатып сугаруу ыкмасын киргизүү ж.б.у.с. усулдар сунушталды
сугат тармактарын; айыл чарба секторун; жер ресурстарын; суу ресурстарын; айыл чарба продуктыларын