Кабыл алынган убакыт 16.08.2023, Түзөтүлгөн 06.11.2023, Кабыл алынган 04.12.2023
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун элементтеринин бири азык-түлүк коопсуздугу болуп саналат. Аны камсыз кылууда негизги роль экономиканын агрардык секторуна жүктөлгөн. Макалада тамак-аш азыктары менен өзүн өзү камсыздоонун негизги багыттары жана азык-түлүк менен камсыз кылуу деңгээлинин классификациясы көрсөтүлгөн. Азык-түлүктүн физикалык жана экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун учурдагы тенденциялары талданат жана азык-түлүк рыногун жөнгө салуу механизмдерин иштеп чыгуу жана өркүндөтүү зарылчылыгы негизделген
азык-түлүк коопсуздугу; азык-түлүк өзүн-өзү камсыздоо; камсыздоо; айыл чарбасы; азык-түлүктү керектөө деңгээли