Кабыл алынган убакыт 01.03.2023, Түзөтүлгөн 17.05.2023, Кабыл алынган 09.06.2023
Бул макалада региондогу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну жогорулатууда агроөнөр жай комплексиндеги инновациянын маааниси жана маңызы, анын артыкчылыктары, көйгөйлөру жана келечеги иликтенди. Инновациялык процесстердин региондун азык-түлүк коопсузудугуна тийгизген таасири белгиленип, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун жогорулатуудагы ролу көрсөтүлдү. Ошондой эле региондун азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда агроөнөржай комплексиндеги инновациялык процесстердин индикаторлорунун системасы аныкталды. Кыргыз Республикасынын региондорунун шартында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда агроөнөржай комплексиндеги инновациялык процесстерди ишке ашыруу боюнча багыттар көрсөтүлдү. Региондогу айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн абалы жана анын экстенцивдүү жол менен өнүгүп жаткандыгы талданды. Агроөнөр жай компексин инновациялык өнүктүрүү шарттарында региондун калкынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну жакшыртуу боюнча бир катар сунуштар берилди
азык-түлүк коопсуздугу; региондун азык-түлүк коопсуздугу; агроөнөр жай комплекси; регион; инновация; инновациялык өнүгүү; туруктуу өнүгүү