Кабыл алынган убакыт 28.02.2023, Түзөтүлгөн 16.05.2023, Кабыл алынган 09.06.2023
Макалада рыноктун талаптарын жана биздин республиканын экономикалык абалынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен Кыргызстандын айыл чарба тармагында суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун актуалдуу көйгөйлөрү каралат. Жер ресурстарын пайдаланууда сууну пайдалануудагы терс тенденциялар аныкталды. Жацы методдорду жана технологияларды иштеп чыгуунун негизинде каалаган натыйжага жетишууге байланышкан маселелер каралат. Мындан тышкары айыл чарба тармагында суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун негизги принциптери сунушталган. Кыргызстандын айыл чарба жерлерин сугарууда маанилүү роль ойногон дарыя жана көлдөрүнүн иш жүзүндөгү абалы талдоого алынган. Сугат системаларын модернизациялоо жана тамчылатып сугаруу сыяктуу суунун коромжу болушун азайтып, жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуучу заманбап технологияларды киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүнүн зарыл жолдору сунушталган
сарамжалдуу пайдалануу; жер ресурстары; экономикалык натыйжалуулук; экономиканын агрардык сектору; суу ресурстары; дарыялар жана көлдөр; экология; пайдаланууну оптималдаштыруу; суунун коромжусу; түшүмдүүлүктү жогорулатуу