Кабыл алынган убакыт 06.08.2024, Түзөтүлгөн 22.10.2024, Кабыл алынган 28.11.2024
Макалада факторлорду удаалаш алып салуу ыкмасын колдонуу менен Кыргызстандын чакан жана орто ишканалары өндүргөн дүң кошумча нарктын көлөмүнүн эконометрикалык модели түзүлгөн. Корреляциялык жана регрессиялык талдоо жүргүзүлүп, натыйжалоочу фактордун өсүшүнө эң чоң таасирин тийгизген маанилүү факторлор аныкталды. Модель статистикалык маанилүү жана учурдагы талдоодо жана жакынкы келечекке болжолдоодо чакан жана орто бизнестин өнүгүү абалын аныктоого мүмкүндүк берет
чакан жана орто бизнес; дүң кошумча нарк; факторлор; корреляциялык жана регрессиялык анализ; эконометрикалык модель; сызыктуу көп факторлуу регрессия