Кабыл алынган убакыт 03.01.2024, Түзөтүлгөн 12.04.2024, Кабыл алынган 07.06.2024
Ишкананы, банкты жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууда каржылык талдоонун зарылчылыгы жөнүндө корутундулар иштелип чыкты. Тобокелдиктер жогорулаган шарттарда каржы туруктуулугуна жетишүүдө каржылык абалдын орду аныкталган. Финансылык талдоо ыкмаларын колдонуунун максатка ылайыктуулугу экономиканы өнүктүрүү жана узак мөөнөттүү мезгилге анын каржы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында зарыл каржы ресурстар менен камсыз кылуу негизделген. Финансылык талдоо ишкананын финансылык туруктуулугунун деңгээлин аныктоо үчүн финансылык маалыматты аныктоого, тутумдаштырууга жана аналитикалык иштетүүнү жүргүзүүгө мүмкүндүк берери аныкталган
талдоо; каржылык абал; каржылык талдоо; ишканалар; банктар; финансылык туруктуулук; тобокелдиктер