Кабыл алынган убакыт 09.01.2024, Түзөтүлгөн 18.04.2024, Кабыл алынган 07.06.2024
Бул макалада ааламдашуу шартында мамлекеттин экономикалык коопсуздугунун компоненти катары валюта-каржы мамилелеринин актуалдуулугу, маңызы жана өзгөчөлүктөрү каралды. Мамлекеттер ортосундагы валюта-каржы-насыя мамилелерин түзүүдөгү капиталдын экспортунун жана импортунун ролу ачылат. Валюта-каржы чөйрөсүнүн тез кеңейиши жана дүйнөлүк каржы рынокторундагы операциялардын масштабынын тез өсүшү менен коштолгон ааламдашуу процесстери аныкталган. Чет элдик капиталдын улуттук каржы рынокторуна кирүүсүн либералдаштыруу саясаты көрсөтүлгөн. Кыргызстандын экономикасына инвестициялык капиталды инвестициялоонун мааниси аныкталды. Капиталдын эң кооптуу түрү катары кыска мөөнөттүү капиталдын агымына теориялык баа берилди. Ички рынокто алып-сатарлык (сүткорлук) капиталдын кыймылын жөнгө салуу жана натыйжалуу көзөмөлдөө контролдоо зарылчылыгы негизделген
каржылык ааламдашуу; валюта-каржы жана насыя мамилелери; экономикалык коопсуздук; каржы рынокторун либералдаштыруу; чет өлкөлүк капитал; сүткорлук капитал; каржылык көзөмөл