Кабыл алынган убакыт 28.02.2024, Түзөтүлгөн 15.05.2024, Кабыл алынган 07.06.2024
Макалада агрардык сектордогу «инвестиция» термининин экономикалык маңызы изилденди. Агрардык секторго инвестициялар туруктуу узак мөөнөттүү киреше алып келүүгө жардам берген келечектүү инвестициялар болуп эсептелет, анткени айыл чарба продукциялары стратегиялык мүнөзгө ээ. Бул азыркы экономикада агрардык секторго инвестициялар эң кирешелүү жана эң чоң мааниге ээ экендигин билдирет. Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагына инвестицияларды тартуу структурасы, аймактар боюнча инвестициянын жалпы үлүшү талдоого алынган. Инвестициялык потенциал фактордук мамиленин негизинде ачылат. Кыргыз Республикасынын аймактарынын айыл чарба тармагына инвестиция тартуунун өзгөчөлүктөрү келтирилип, алардын көйгөйлөрү белгиленди. Ошондой эле айыл чарба тармагындагы инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн сунуштар айтылды. Айыл чарба тармагына инвестицияларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ар түрдүү долбоорлор менен иш алып баруу жагы сунушталды. Мамлекеттин айыл чарба тармагына инвестиция тартуу жаатындагы мамлекеттик реформалар каралууда
инвестиция; инвестициялык жагымдуулук; агрардык секторго инвестициялар; айыл чарбасы; агрардык реформалар; рыноктук механизмдер; инвестициялык процесстер; натыйжалуулук