Кабыл алынган убакыт 11.08.2023, Түзөтүлгөн 02.11.2023, Кабыл алынган 04.12.2023
Сунуш кылынган илимий макалада рыноктук мамилелердин шартында калкты социалдык жактан коргоо боюнча Европа өлкөлөрунун тажрыйбасынын теориялык негиздери жана аларды уюштуруу жолдорунун абалы изилденди. Изилдөө объектиси катары калкты социалдык жактан коргоо тутуму эсептелинет. Изилдөөнүн негизинде теориялык аспекте бул көйгөй боюнча калкты социалдык жактан коргоо боюнча Европа өлкөлөрунун, тагыраагы Англия, Швеция, Германия, Финляндиянын тажрыйбасы изилденип, алардын алгылыктуу жактарын Кыргызстандын шартында колдонуу сунушталды. Изилдөөдө системдүү анализ, монографиялык жана салыштыруу ыкмалары колдонулду
социалдык коргоо; социалдык камсыздандыруу; рыноктук мамилелер; калк; социалдык чөйрө; коргоо; мамлекет; социалдык тобокелдик; механизм; жөнгө салуу; кепилдик