Кабыл алынган убакыт 15.02.2023, Түзөтүлгөн 09.05.2023, Кабыл алынган 09.06.2023
Бул макалада биз курулуштагы кирешени таануудагы негизги көйгөйлөрдү карап чыктык, анткени курулуш узак процесс экенин баары билет. Бир объектини куруу үчүн эки же андан көп отчеттук мезгил керек, бул жерде биз кирешелерди эсепке алуу көйгөйлөрүнө туш болобуз. Макалада курулуш компаниясынын кирешелеринин эсеби деталдуу түрдө каралып, ошондой эле курулуш компаниясынын чыгымдары изилденген. Курулуш уюмунда кирешелерди эсепке алуу маселесин изилдеп чыгып, биз кирешени эсепке алуунун «даяр болору менен» ыкмасын сунуш кылабыз. Эң оптималдуу ыкма "даяр болгондон кийин таануу ыкмасы" болуп саналат, анын маңызы курулуш мезгилинде киреше бөлүгүндө таанылган кирешенин канча пайызы даяр экендигинде турат. Ошол эле учурда төлөм үчүн эсеп жана эсеп-фактура аткарылган иштердин суммасына жазылаарын белгилей кетүү керек
киреше; курулуш контракттары; кирешени таануу; чегерүү; кассалык ыкма; даярдыктын өлчөмү; иштин чыгымдары; бүтпөгөн курулуш