Кабыл алынган убакыт 22.07.2022, Түзөтүлгөн 12.10.2022, Кабыл алынган 02.12.2022
Бул макалада банк ишинде тобокелдиктерди башкаруунун салттуу жана заманбап ыкмалары талкууланат. Кыргызстандын коммерциялык банктарынын экономикалык ишиндеги тобокелдиктин маанилүү түрлөрүн тескөөдө Улуттук банктын жөнгө салуу саясатынын ролу аныкталган. Тобокелдиктерге натыйжалуу башкарууда IT инфраструктурасынын деңгээлинде тобокелдиктерди башкаруу системаларын иштеп чыгуу зарылчылыгынын мааниси аныкталган. Тобокелдиктерди башкаруу процессинин жана банкты бул тобокелдиктерден коргоонун негизги элементи катары тобокелдикти жалпы баалоого теориялык талдоо берилген
банк иши; тобокелдиктерди тескөө; банк ишинин ченемдик укуктук базасы; КРУБынын экономикалык
Алуу булагы Том 1, № 1, 2022
Барактар 171-178