Кабыл алынган убакыт 25.07.2022, Түзөтүлгөн 13.10.2022, Кабыл алынган 02.12.2022
Бул макалада банк мекемесиндеги тобокелдиктерди башкаруунун заманбап тутумунун теориялык маселелери каралган. Банк бизнесиндеги тобокелдиктерди башкаруунун ролу жана зарылчылыгы аныкталган. Тобокелдик-менеджменттин каржылык ишмердикте тобокелдикти эске алуу менен капиталды пайдаланууну оптималдаштыруунун стратегиялык куралы катары маанилүүлүгү ачылып берилди. Макалада банктардагы корпоративдик башкаруунун эң маанилүү компоненти катары тобокелдиктерди башкаруунун сапатына өзгөчө көңүл бурулган - ал банктык тобокелдиктердин жыйындысын контролдоого жана жагымсыз экономикалык кырдаалда мүмкүн болуучу жоготууларды минималдаштырууга мүмкүндүк берилгендиги карлган
банк институту; банктык тобокелдикти башкаруу; тобокелдиктерди башкаруу; тобокелдиктерди азайтуу стратегиясы; экономикалык өнүгүүнүн аймактык факторлору; тобокелдик маданияты
Алуу булагы Том 1, № 1, 2022
Барактар 164-170