Кабыл алынган убакыт 10.08.2022, Түзөтүлгөн 31.10.2022, Кабыл алынган 02.12.2022
Макала азыркы этапта суу ресурстарын пайдалануунун актуалдуу проблемаларын карайт. Рыноктун талаптарын жана суу ресурстарын пайдалануучу чарбаларды эске алуу менен Кыргыз Республикасындагы сугат жерлеринин абалы жана анын айыл чарба иштеринин натыйжалуулугуна тийгизген таасири талдоого алынган. Мындан тышкары, айыл чарба багытындагы аймактарды натыйжалуу пайдаланууга тоскоол болгон көйгөйлөр каралат. Кыргызстандын айыл чарба жерлерин пайдаланууда сугат үчүн пайдаланылган ири көлдөрү жана дарыялары кеңири көрсөтүлгөн. Ирригациялык системаны жакшыртуу жолу менен айыл чарба багытындагы кошумча аймактарды жүгүртүүгө киргизүү боюнча реалдуу сунуштар берилди. Кыргызстандын айыл чарба жерлерин сугарууну жакшыртуунун реалдуу механизмдери сунушталды
сугат жерлер; айыл чарба тармагы; айыл чарбасы; суу ресурсу; эффективдүү пайдалануу; ири суу сактагычтар; кыртыштын начарлашы; экономикалык эффективдүүлүк; ресурстук потенциал
Алуу булагы Том 1, № 1, 2022
Барактар 73-82